Бухгалтердик счеттор (санаттар) - каражаттарды, анын булактарын жана чарбалык операцияларды утурумдук топтоштуруу жана көзөмөлдөө ыкмасы болуп саналат.
Счеттор (санаттар) активдүү жана пассивдүү болуп бөлүнөт.
Активдүү болуп негизги, жүгүртүү жана алагдыланган каражаттар эсепке алынган счеттор саналат. Активдүү счетто көбөйүү жана калдык (сальдо) дебет боюнча, ал эми кемүү – кредит боюнча жазылат.
Пассивдүү счеттордо негизги, тартылган, милдеттенме каражаттардын булактарынын өзгөрүүлөрү чагылдырылат. Пассивдүү счетто көбөйүү жана калдык (сальдо) кредит боюнча, ал эми кемүү – дебет боюнча жазылат.
Активдүү счеттор боюнча аяккы сальдо төмөнкү формула менен аныкталат:
Са = Сб + Жд — Жк
б. а. активдүү счет боюнча калдык Са дебет боюнча жазылган суммадан кредит боюнча жазылган сумманы кемиткенге барабар.
Пассивдүү счеттор боюнча аяккы сальдо:
Са = Сб + Жк - Жд
Мисалдар:
1. «Негизги каражаттар» счету боюнча 01.05.2014 ж. калдык 50 миң сом дейли. Дебет боюнча жүгүртүүсү — 30 миң сом (кирешеси). Кредит боюнча жүгүртүүсү — 10 миң сом (чыгашасы).
01.06.2014 ж. кандай калдык болот?
Са = 50 миң сом + 30 миң сом - 10 миң сом = 70 миң сом
Комментариев нет:
Отправить комментарий