понедельник, 9 июня 2014 г.

Баштапкы жана аяккы калдык (сальдо)



Счеттордогу маалыматтар отчеттук мезгилдин башында жана аягында баштапкы жана аяккы калдыктар (сальдо) деп аталат.


Баланста каражаттар курамы боюнча сол жакта — дебетте чагылдырыла тургандыгын белгилеп кетүү керек. Тийиштүүлүгүнө карай баланстагы каражаттардын булактарынын абалы оң жакта көрсөтүлөт, ал эми пассивдүү счеттордо каражаттардын булактарынын калдыгын оң жакта — кредитте чагылдырылат.

Активдүү счеттордо алгачкы сумма (калдык) жана анын бардык кийинки көбөйүүлөрү дебетте көрсөтүлөт (счет «дебеттелет»), ал эми бардык азаюулар кредитте топтолот (счет кредиттелет).

Пассивдүү счеттордо жазуулардын тартиби карама-каршы белгиленген: алгачкы чоңдук (калдык) жана көбөйүүлөр кредитте көрсөтүлөт, ал эми азаюулар дебетке барып түшөт.


Активдүү счеттордо дебетке алгачкы калдык (баштапкы сальдо), ал эми пассивдүү счеттордо бул кредитине жазылат.
 
Кыргызча-орусча-англисче которулуштары:
Калдык/сальдо – остаток/сальдо
Баштапкы калдык – начальное сальдо
Аяккы калдык – конечное сальдо

Жүгүртүү (дебеттик жана кредиттик жүгүртүү)



Бухгалтердик счеттордо жазылган операциялардын суммалары жүгүртүү деп аталат.

Счеттун дебети боюнча жазуулардын суммасы тийиштүүлүгүнө карай дебеттик жүгүртүү, ал эми счеттун кредити боюнча – кредиттик жүгүртүү деп аталат.

Кыргызча-орусча-англисче которулуштары:
Жүгүртүү – оборот - turnover

Бухгалтердик эсептин ыкмалары



Бухгалтердик эсептин ыкмаларына төмөнкү негизги элементтер кирет:
1. Документтештирүү
2. Инвентаризация (Түгөйлөө)
3. Баалоо
4. Калькуляциялоо
5. Баланс (теңдүүлүк)
6. Счеттор (санаттар)
7. Кош жазуу

четверг, 5 июня 2014 г.

Эсептер планы



Эсептер планы (орусча: план счетов, англисче: chart of accounts) - бухгалтердик эсепте каражаттарды, булактарды жана чарбалык операцияларды каттоонун жана топтоштуруунун ыкмасы.



Кыргызча-орусча-англисче которулуштары:
Эсептер планы – план счетов – chart of accounts
 

Төлөм тапшырмасы

Төлөм тапшырмасы (орусча: платежное поручение, англисче: payment order) – банк эсебиндеги каражаттардын эсебинен (эгер келишимде башкача каралбаса), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын каралган мөөнөттүн ичинде көрсөтүлгөн ошол эле банктагы же дагы башка кредиттик-каржы мекемесиндеги алуучунун эсебине белгилүү бир акча өлчөмүн которгон төлөөчүнүн тапшырмасы боюнча банк милдеттенме ала турган төлөм документи. 
 
Ар бир өлкөдө, төлөм тапшырмасынын формасы өзгөчөлөнөт жана өкмөт тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасында төлөм тапшырмасынын бирдейлештирилген формасы жана аны толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы N 36/5 токтому менен бекитилген «Төлөм документтерин толтуруу эрежелери жөнүндө Нускоодо» бекитилген:

ТӨЛӨӨ ТАПШЫРМАСЫ (1) N __(2) Дата __(3) Жөнөтүү (4)            Форма коду (5)
ПЛАТЕЖНОЕ ПОРУЧЕНИЕ                     ыкмасы                 Код формы ____
                                       Способ отправления _______

Дата расчета ___________(6)

    ┌──────────┬────────────┬───────────────────────┬──────┬──────────┐
    │ОКПО      │(8)         │Төлөөчү (7)            │Дебет │(11)     
                          │Плательщик             │Счет N│         
    ├──────────┤                                   └──────┴──────────┤
    │ИНН       │(9)                                                  
                                                                   
    ├──────────┤                                                    
    │Регистр. N│(10)                                                
    │СФКР                                                          
    ├──────────┤            │Төлөөчүнүн банкы (12)                   
    │БИК       │(13)        │Банк плательщика                        
                                                                  
    ├──────────┴────────────┴───────────────────────┬──────┬──────────┤
                                                   │Кредит│(15)     
                                                   │Счет N│         
                                                   ├──────┼──────────┤
    │Алуучу                                         │Счет N│         
    │Получатель (14)                                └──────┴──────────┤
                                                                     
                                                                     
    ├──────────┬────────────┐                                        
    │БИК       │(17)        │Алуучунун банкы (16)                    
                          │Банк получателя                         
    ├──────────┴────────────┴───────────────────────┬──────┬──────────┤
    │Суммасы сөз менен                                             
    │Сумма прописью (18)                            │Сумма │(19)     
                                                                  
                                                                  
    ├──────────┬────────────┬───────────────────────┴──────┴──────────┤
    │Төлөө коду│(20)                                                 
    │Код                                                            
    │платежа               │Төлөөнүн багыты (21)                    
    ├──────────┴────────────┘Назначение платежа                      
                                                                     
                                                                     
                                                                    
                                                                    
         М.О. (22)    Кол тамгасы (23)   Төлөөчү банктын белгиси (24)│
         М.П.         Подписи            Отметки банка-плательщика  
    └─────────────────────────────────────────────────────────────────┘
 

Кыргызча-орусча-англисче которулуштары:

Төлөм тапшырмасы – платежное поручение - payment order





вторник, 3 июня 2014 г.

Баштапкы эсепке алуу документтери


Баштапкы эсепке алуу документтери - чарбалык операциянын жүргүзүлүшү маалында түзүлгөн жана болуп өткөн чарбалык операциянын биринчи күбөсү болуп эсептелинген документтер аталат. Баштапкы эсепке алуу документтери болуп өткөн чарбалык операцияны юридикалык жактан тастыктайт.

Баштапкы документтерге – кассалык ордерлер, накладная, акттар ж.б. кирет. Счет-фактуралардын баштапкы эсеп документтерине кирип-кирбеши талаштуу маселе болуп эсептелинет. Анткени, счет-фактуралар – кандайдыр бир чарбалык операцияны билдирбейт, башка баштапкы документтерге (мисалы: кассалык ордерлерге, акттарга) тиркеме болуп түзүлөт.

Көбүнчө баштапкы эсеп документтеринин ар бир өлкөнүн өзүнчө бекитилген бирдейлештирилген формалары бар. Бирок, эгер кандайдыр бир баштапкы документтин официалдуу формасы жок болсо, анын формасын ишкана өзү түзөт.

Баштапкы эсепке алуу документтери Кыргыз республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамынын 8-статьясында бекитилген:

8-статья. Бухгалтердик документтер

1. Бухгалтердик эсепти каттоого жазуу үчүн операция жүргүзүү фактысы катталган баштапкы эсепке алуу документтери негиз болуп саналат. Баштапкы эсепке алуу документтери операция жасалган учурда, эгерде бул мүмкүн болбосо, операция аяктаар замат түзүлүүгө тийиш.

Бухгалтердик жазуулар кол менен кагазга жазуу аркылуу жана (же) эсепке алуунун компьютерлештирилген тутумунун жардамы менен жүргүзүлөт.

2. Баштапкы документтер төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттерди:
  • документтин аталышын;
  • документти толтуруу күнүн жана ордун;
  • документ анын атынан (тапшыруусу боюнча) түзүлгөн субъекттин аталышын;
  • чарбалык операциянын мазмунун;
  • акчалай жана накталай түрдөгү чарбалык операцияларды өлчөгүчтөрдү;
  • чарбалык операцияларды жүргүзүүгө жана анын туура жол-жоболоштурулушуна жооптуу кызмат адамдарынын аты-жөндөрүн;
  • көрсөтүлгөн адамдардын койгон жеке колдорун
камтууга тийиш.


Кыргызча которулуштары:
Баштапкы эсепке алуу документтери – первичные учетные документы
Чарбалык операциялар – хозяйственные операции


воскресенье, 1 июня 2014 г.

Бөлүштүрүлбөгөн пайда


Бир аралыктын ичинде алынган пайда «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» (5300) счетуна жазылып, капиталдын көбөйүшүнө алып келет. Зыян дагы - «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» (5300) счетуна жазылып, анын, демек, капиталдын азайышына алып келет.

Кыргызча которулуштары:
Аралык – период
Бөлүштүрүлбөгөн пайда – нераспределенная прибыль

Финансылык жыйынтык



Ишкананын кирешеси менен чыгашасынын арасындагы айырма ишкананын финансылык жыйынтыгы деп аталат.

Эгер кирешенин суммасы чыгашанын суммасынан көбүрөөк болсо, финансылык жыйынтык ПАЙДА деп аталат.

Эгер чыгашанын суммасы кирешенин суммасынан көбүрөөк болсо, финансылык жыйынтык ЗЫЯН деп аталат.



Кыргызча которулуштары:

Ишкана – предприятие
Финансылык жыйынтык – финансовый результат
Киреше – доход
Чыгаша – расход
Пайда – прибыль
Зыян – убыток