Счеттордогу
маалыматтар отчеттук мезгилдин башында жана аягында баштапкы жана аяккы калдыктар (сальдо) деп аталат.
Баланста
каражаттар курамы боюнча сол жакта — дебетте чагылдырыла тургандыгын белгилеп
кетүү керек. Тийиштүүлүгүнө карай баланстагы каражаттардын булактарынын абалы
оң жакта көрсөтүлөт, ал эми пассивдүү счеттордо каражаттардын булактарынын
калдыгын оң жакта — кредитте чагылдырылат.
Активдүү
счеттордо алгачкы сумма (калдык) жана анын бардык кийинки көбөйүүлөрү дебетте
көрсөтүлөт (счет «дебеттелет»), ал эми бардык азаюулар кредитте топтолот (счет
кредиттелет).
Пассивдүү счеттордо
жазуулардын тартиби карама-каршы белгиленген: алгачкы чоңдук (калдык) жана
көбөйүүлөр кредитте көрсөтүлөт, ал эми азаюулар дебетке барып түшөт.
Активдүү
счеттордо дебетке алгачкы калдык (баштапкы сальдо), ал эми пассивдүү счеттордо
бул кредитине жазылат.
Кыргызча-орусча-англисче которулуштары:
Калдык/сальдо – остаток/сальдо
Баштапкы калдык – начальное сальдо
Аяккы калдык – конечное сальдо
Комментариев нет:
Отправить комментарий