Баштапкы эсепке алуу документтери - чарбалык операциянын жүргүзүлүшү маалында түзүлгөн жана болуп өткөн
чарбалык операциянын биринчи күбөсү болуп эсептелинген документтер аталат. Баштапкы эсепке алуу документтери болуп өткөн чарбалык операцияны юридикалык жактан
тастыктайт.
Баштапкы
документтерге – кассалык ордерлер, накладная, акттар ж.б. кирет. Счет-фактуралардын
баштапкы эсеп документтерине кирип-кирбеши талаштуу маселе болуп эсептелинет.
Анткени, счет-фактуралар – кандайдыр бир чарбалык операцияны билдирбейт, башка
баштапкы документтерге (мисалы: кассалык ордерлерге, акттарга) тиркеме болуп
түзүлөт.
Көбүнчө баштапкы
эсеп документтеринин ар бир өлкөнүн өзүнчө бекитилген бирдейлештирилген
формалары бар. Бирок, эгер кандайдыр бир баштапкы документтин официалдуу
формасы жок болсо, анын формасын ишкана өзү түзөт.
Баштапкы эсепке
алуу документтери Кыргыз республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамынын 8-статьясында бекитилген:
8-статья. Бухгалтердик документтер1. Бухгалтердик эсепти каттоого жазуу үчүн операция жүргүзүү фактысы катталган баштапкы эсепке алуу документтери негиз болуп саналат. Баштапкы эсепке алуу документтери операция жасалган учурда, эгерде бул мүмкүн болбосо, операция аяктаар замат түзүлүүгө тийиш.Бухгалтердик жазуулар кол менен кагазга жазуу аркылуу жана (же) эсепке алуунун компьютерлештирилген тутумунун жардамы менен жүргүзүлөт.2. Баштапкы документтер төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттерди:
- документтин аталышын;
- документти толтуруу күнүн жана ордун;
- документ анын атынан (тапшыруусу боюнча) түзүлгөн субъекттин аталышын;
- чарбалык операциянын мазмунун;
- акчалай жана накталай түрдөгү чарбалык операцияларды өлчөгүчтөрдү;
- чарбалык операцияларды жүргүзүүгө жана анын туура жол-жоболоштурулушуна жооптуу кызмат адамдарынын аты-жөндөрүн;
- көрсөтүлгөн адамдардын койгон жеке колдорун
камтууга тийиш.
Кыргызча
которулуштары:
Баштапкы эсепке алуу документтери – первичные учетные документы
Чарбалык операциялар – хозяйственные операции
Комментариев нет:
Отправить комментарий