четверг, 29 мая 2014 г.

Бухгалтердик счеттор (санаттар): Активдүү жана пассивдүү счет



Бухгалтердик счеттор (санаттар) - каражаттарды, анын булактарын жана чарбалык операцияларды утурумдук топтоштуруу жана көзөмөлдөө ыкмасы болуп саналат.
Счеттор (санаттар) активдүү жана пассивдүү болуп бөлүнөт.

Активдүү болуп негизги, жүгүртүү жана алагдыланган каражаттар эсепке алынган счеттор саналат. Активдүү счетто көбөйүү жана калдык (сальдо) дебет боюнча, ал эми кемүү – кредит боюнча жазылат.

Пассивдүү счеттордо негизги, тартылган, милдеттенме каражаттардын булактарынын өзгөрүүлөрү чагылдырылат. Пассивдүү счетто көбөйүү жана калдык (сальдо) кредит боюнча, ал эми кемүү – дебет боюнча жазылат.


Активдүү счеттор боюнча аяккы сальдо төмөнкү формула менен аныкталат:

Са = Сб + Жд — Жк

б. а. активдүү счет боюнча калдык Са дебет боюнча жазылган суммадан кредит боюнча жазылган сумманы кемиткенге барабар.

Пассивдүү счеттор боюнча аяккы сальдо:

Са = Сб + Жк - Жд



Мисалдар:

1. «Негизги каражаттар» счету боюнча 01.05.2014 ж. калдык 50 миң сом дейли. Дебет боюнча жүгүртүүсү — 30 миң сом (кирешеси). Кредит боюнча жүгүртүүсү — 10 миң сом (чыгашасы).
01.06.2014 ж. кандай калдык болот?

Са = 50 миң сом + 30 миң сом - 10 миң сом = 70 миң сом
 

Бухгалтердик аталгылардын кыргызча которулушу



Бухгалтердик аталгылардын кыргызча-орусча-англисче которулуштары:

Аласа (дебет) – дебет - debit
Бересе (кредит) – кредит - credit
Жүгүртүү – оборот - turnover

Жүгүртүүдөгү активдер – Оборотные активы
Милдеттенмелер – обязательства
Менчик капитал – собственный капитал
Киреше – доход
Чыгаша – расход
Пайда – прибыль
Зыян – убыток
Калдык – сальдо, остаток
Өткөрүү - проводка
Тапшырыкчы – заказчик
Жабдуучу – поставщик
Камдамалар – запасы
Ишмердүүлүк – деятельность
Өздүк нарк – себестоимость
Баалоо – оценка
Жеке адам – физическое лицо
Юридикалык тарап – юридическое лицо




Санат/счет – счет – account
Кош жазуу (кошжазым) – двойная запись – double entry
Алдын ала баланс - пробный баланс – trial balance

Активдер – активы – assets
Милдеттенмелер/милдеттемелер – обязательства – liabilities
Капитал – капитал – equity

Баланс тууралуу отчет – балансовый отчет – balance sheet
Киреше/чыгаша тууралуу отчет – отчет о прибылях и убытках – income statement
Акча жүгүрүүсү тууралуу отчет – отчет о движении денежных средств – cash flow statement
 

Жөнөкөй жана татаал бухгалтердик өткөрүү


Дебеттелген бир счет жана кредиттелген бир счеттон турган өткөрүү жөнөкөй өткөрүү деп аталат.

Мисалы:
Камдамаларды 10000 сомго кредитке алуу төмөнкү жөнөкөй бухгалтердик өткөрүү менен жазылат:

Дт Активдер счету: камдамалар                                         10000 сом
Кт Милдеттенмелер счету: төлөөнүүчү счеттор             10000 сом

Дебеттелген бир канча счет жана кредиттелген бир канча счеттон турган өткөрүү татаал өткөрүү деп аталат.

Мисалы:

Бир жабдуучунун ишканасы кредитке үч негизги каражат сатып алды, атап айтканда: автоунаа – 200 000 сомго, эмерек – 6 000 сомго жана жабдууларды – 8 000 сомго. Бул операция төмөнкү талаал бухгалтердик өткөрүү аркылуу жазылат:

Дт Активдер счету: Негизги каражаттар - автоунаа         200 000 сом
Дт Активдер счету: Негизги каражаттар - эмерек            6 000 сом
Дт Активдер счету: Негизги каражаттар - жабдуулар      8 000 сом
Кт Милдеттенмелер счету: төлөөнүүчү счеттор              214 000 сом

Бул бухгалтердик өткөрүүдө дароо төрт счет корреспонденттелген: үч счет дебеттелген жана бир счетту кредиттелген.


Кыргызча которулуштар:
бухгалтердик өткөрүү - бухгалтерская проводка
жөнөкөй өткөрүү - простая проводка
татаал өткөрүү - сложная проводка
корреспонденттөө - корреспонденция


камдама  - запас

Акыркы калдыкты эсептөө



Эстеп калыңыз:

  • Активдүү счеттун жана чыгашалар счетунун акыркы калдыгын эсептөө үчүн дебеттин (аласанын) баштапкы калдыгына дебет жүгүртүүсүн кошуп, кредит жүгүртүүсүн алыш керек.

  • Пассивдүү счеттун жана кирешелер счетунун акыркы калдыгын эсептөө үчүн кредиттин (аласанын) баштапкы калдыгына кредит жүгүртүүсүн кошуп, дебет жүгүртүүсүн алыш керек.

  • Счеттордогу операцияларды кош жазуу илдети менен чагылдырууда, бардык счеттордун дебет жүгүртүүлөрүнүн жыйынтыгы дайыма бардык счеттордун кредит жүгүртүүлөрүнүн жыйынтыгына барабар болушу керек.