четверг, 29 мая 2014 г.

Жөнөкөй жана татаал бухгалтердик өткөрүү


Дебеттелген бир счет жана кредиттелген бир счеттон турган өткөрүү жөнөкөй өткөрүү деп аталат.

Мисалы:
Камдамаларды 10000 сомго кредитке алуу төмөнкү жөнөкөй бухгалтердик өткөрүү менен жазылат:

Дт Активдер счету: камдамалар                                         10000 сом
Кт Милдеттенмелер счету: төлөөнүүчү счеттор             10000 сом

Дебеттелген бир канча счет жана кредиттелген бир канча счеттон турган өткөрүү татаал өткөрүү деп аталат.

Мисалы:

Бир жабдуучунун ишканасы кредитке үч негизги каражат сатып алды, атап айтканда: автоунаа – 200 000 сомго, эмерек – 6 000 сомго жана жабдууларды – 8 000 сомго. Бул операция төмөнкү талаал бухгалтердик өткөрүү аркылуу жазылат:

Дт Активдер счету: Негизги каражаттар - автоунаа         200 000 сом
Дт Активдер счету: Негизги каражаттар - эмерек            6 000 сом
Дт Активдер счету: Негизги каражаттар - жабдуулар      8 000 сом
Кт Милдеттенмелер счету: төлөөнүүчү счеттор              214 000 сом

Бул бухгалтердик өткөрүүдө дароо төрт счет корреспонденттелген: үч счет дебеттелген жана бир счетту кредиттелген.


Кыргызча которулуштар:
бухгалтердик өткөрүү - бухгалтерская проводка
жөнөкөй өткөрүү - простая проводка
татаал өткөрүү - сложная проводка
корреспонденттөө - корреспонденция


камдама  - запас

Комментариев нет:

Отправить комментарий